Жумушка келерибиз менен телефон шыңгырады. Алсак, “Кеңеш” тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов экен. Эртең менен турса эле машинасынын айнектерин сындырып, ичиндеги автомагнитоласын, документтерин алып кетишиптир. Баарынан да таңкалычтуусу, уурулар баласынын кийимдеринен бери көтөрүп кетишиптир. Ошого карабай Мүзүр орозонун күнүндө уурулардын үстүнөн арызданып, милицияга кайрылган жок.