Кыргыз шоу дүйнөсүндө рок стилиндеги ырлар жокко эсе. Мындай ырлардын кезикпөөсүнүн себеби , балким, биздин менталитетке ылайык болбогону болсо керек. Ошого карабай, KG Элмурат “Жамгыр” аттуу рок стилиндеги ыр жаратты. Бул ырга клип тартуу үчүн боёнбогон, табиятынан сулуу кыздарды издеп жүрөт. “Жаңылык киргиздим” деп сүйүнгөн ырчынын жаңы ыры кандай жаралды, ага күйөрмандар өздөрү баа беришер."Жамгыр клибин" көргүңүз келсеwww.super.kg/media/?type=video&id=1167 сайтындагы медиа-порталга баш багыңыз.