Күз келип, той-топурдун убагы болуп турган маалда белгилүү ди-джей Нурзада Жолдошеванын колун сурап келген жигиттердин саны көбөйдү. Ди-джейдин колун сурагандардын көбү үнүн радиодон угуп жактырган күйөрмандары. Аларды капа кылып албайын деген Нурзада: "Мен азыр жашмын",- деп сыпайы узатууда. Ал эми чыгармачылыгына кайрыла турган болсок, учурда обону Сапар Эркебаевге, сөзү Чыңгыз Мырзаевге таандык сүйүү темасындагы жаңы ырынын аранжировкасын жасатууда.