Белгилүү актёр Мурат Мамбетов тарткан “Кара жолтой” аттуу детективдик киносу фестивалга катышты. Москвада өткөн бул Эл аралык фестивалга 236 өлкө ат салышкан. “Ошончо өлкөнүн арасынан бизге орун жетпесе керек”,- деп ойлогон Мурат мырза өзү барбастан, ассистентин жиберген эле. “Детектив кинолорунун фестивалы" деген аталыштагы сынактын жыйынтыгында “Кара жолтой” акжолтой болду. Башкача айтканда, режиссёрго диплом жана баалуу белек алып келди.