Ырчы Гүлзинат Суранчиева “Кош жылдыз” телесынагында Мелис Эшимканов менен ырдаганынан кабарыңыз болсо керек. “Буюрса, экинчи орунда келе жатабыз”,- деп сүйүнгөн Гүлзинатка Мелис мырза Италияга эки кишилик жолдомо белек кылган. “Күзүндө барсамбы же кышындабы?”- деп ойлонгон ырчы акыры ноябрь айында барууну чечти. “Буюрса, “Кош жылдыз” долбоору бүтөрү менен, эс алуу үчүн Италияны көздөй учам”,- дейт ырчы.