Бактыгүл 6 килограммга арыктады

Ууртунан күлкү кетпеген Бактыгүл Бадыева акыркы учурда ден соолугуна байланыштуу толуп кеткен болчу. “Ден соолугум калыбына келгенгеби же концертиме чуркагангабы, айтор, 6 килограммга арыктап кетиптирмин”,- дейт ырчы. Бактыгүл жакында эле кызык окуяга туш болду. Борбордогу көчөлөрдүн биринен жол чыракка жеткенде майы түгөнүп, машинасы токтоп калган. “Студияга ыр жаздырганы бир ай мурун кезекке туруп, анан сааты келгенде машинам өчүп калып жатпайбы. Эптеп курбу кызыма телефон чалып, бензин алып келишин сурандым",- дейт Бактыгүл. Ырчы кыз жарым саатка кечиккени үчүн студияга айып төлөгөн. Ал жактан чыгып баратып, бир машинаны чийип да алган. Кыскасы, ал күн Бактыгүл үчүн маанай чөгөргөн күн болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 358, 11-17-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан