Учурда ырчы Неля энелик бакытка балкып турган кези. Баласынын кыркын кырк кашык сууга киринтип чыгарган ырчы эми бешик той менен жаңы салган үйүнө берчү тойду чогуу өткөрүүгө камдана баштады. Кош жылдыздардын тоюнда келүүчү коноктордун саны абдан көп . “Ушундан улам тойду уюштуруу иштери эрте башталды”,- дейт Неля.