Азыркы учурда, негизинен, ким болбосун шакекти жөн гана кооздук жасалга катары билет. Ал эми байыркы убактарда адамдар шакекке өтө чоң маани беришкен. Мисалы, айрымдардын шакекти дайыма кайсы бир манжасына гана тагынып жүрүшкөнүнө карап ал адамдын мүнөзүн аздыр-көптүр болсо да аныктай алышкан. Бул жаатта кызыккан астрологдор менен хироманттар жакында изилдөө жүргүзүшүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышты...
ШАКЕК БАРМАКТА БОЛСО...
Мындай адам эмоционалдуу, абдан энергиялуу келип, адамдын көңүлүнө карабай көпчүлүк учурда бетке айткан мүнөзгө ээ. Өзүнүн оюнан кайтпаган өжөр жана көк. Өтө темпераменттүү, бирок, өзүн колго алып, башкара билет. Эгер таанышкан же жолугушууга чакырган адамыңыз бармагына шакек тагынып жүрсө чочулабаңыз. Себеби, ал сиз менен тез тил табыша алат.
СӨӨМӨЙДӨ БОЛСО...
Бул адамдын уяңдыгынан, чечкинсиз мүнөзүнөн кабар берип турат. Кээде өзүнө-өзү ишенүүгө, лидерликке аракет кылганы менен көп учурда кимдир-бирөөнүн сөзүн угуп, анын айтканы боюнча иш кылат. Бирок, сүйүү жаатында таптакыр башкача. Жүрөгүн ээлеген адамынын көңүлүн табууга, өзүн сүйдүрүүгө болгон аракетин жасап, максатына жетүү үчүн баарына даяр болот.
ОРТОНДО БОЛСО...
Кандайдыр бир табышмактуу, улуу күчтөргө, арбактарга, Кудайга көбүрөөк ишенген адам экендигин маалымдайт. “Ар бир пенде тагдыр маңдайына эмне жазса, ошону көрөт, андан качып кутулууга болбойт” деген ишеним менен жашайт. Турмушта сүйүктүүсүн Кудайдын ыйык белеги катары кабыл алып, ага ар дайым жакшы мамиле жасоону, сыйлап-урматтоону, сүйүүдө бекем болууну өзүнүн милдети катары сезет. Андыктан, таанышып жаткан адамыңыздын ортоңку манжасында шакектин бар экенин байкасаңыз, анын “бул жолугушуу Кудайдын буйругу боюнча болуп жатат” деген күчтүү ишенимде экендигин билиңиз.
АТЫЖОКТО БОЛСО...
Бул манжага шакек (нике шакегинен башка) тагынган адам кооз буюмдарды, сулуулукту жактырат. Көңүлүңүзгө жаккан адам шакекти атыжогуна салып жүрсө, анда ал өтө кыялкеч, дайыма келечекке жакшы пландарды куруп, аларды ишке ашырууга аракеттенген адам. Таза сүйүүнү баалайт. Ошондой эле качан болбосун сизге таттуу сезимдерин арнап, жаныңызда убакытты көңүлдүү жана ойдогудай өткөрүүгө далалат кылат.
ЧЫПАЛАКТА БОЛСО...
Жактырган адамыңыз шакекти дайыма чыпалагына тагынып жүрсө, демек, мүнөзү тез-тез өзгөрүлүп турган жана өзүн өтө сүйгөн адам экенин эске алыңыз. Мындай адамдын болочокто ойдогудай түгөй боло алаары күмөн. Анткени, сүйүүдө анча туруктуу эмес. Турмуш кургандан кийин да ала жипти аттап кетиши мүмкүн. Ошол себептүү көп учурда жалган сөздөр менен сүйүктүүсүнүн башын айланта бериши ыктымал.