Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов жана Актан Исабаевден турган жылдыздуу трионун “Ыр майрам” аттуу хит ыры эсиңизде болсо керек. Көз ачып-жумгуча ырдын жаралганына 10 жыл болуптур. Бул мааракелүү датанын артынан трио кайрадан бирикмей болду. Бир чети трионун кайра жаралышына ушундай дата себепчи болсо, экинчиден, үч ырчы акыркы учурда элдик ырларды тарпын кетирип ырдап жаткан ырчыларга сабак көрсөтүшмөкчү. Учурда трио жаңы ырларды жазып, клиптерди тартуу менен алек болуп жатышат.