Учурда АКШнын Массачусетс штатындагы Бостон шаарында жүргөн ырчы Омар окуп гана тим болбостон, чыгармачылыктын үстүндө да иштөөдө. Омар ал жактан “Жаңы толкун-2008” фестивалынын катышуучусу латвиялык Донс аттуу ырчыга жолугуп калган. Ошентип, былтыр Юрмалада таанышып калышкан эки ырчы жигит чыгармачылыктын үстүндө чогуу иштешүүнү макулдашты.