Ашыкча салмак, эби жок кыймыл – кенже класстагы окуучулардын чоң маселеси. Алар окуучулардын шылдыңына кабылгандыктан, өздөрүнө болгон ишенимди жоготуп, өздөрүн башкалардан төмөн сезишет. Бул окуудан аксоого да жеткирет. Адатта мындай балдар коргоосуз калып, көп нервденүүгө дуушарланышат. Мындай абалда эмне кылуу керек? Төмөндө ата-энерлерге жардам...
БАЛАНЫ ТЫНЫМСЫЗ ЖЕГЕНГЕ ЖЕТКИРГЕН СЕБЕПТЕР
“Бала эмне үчүн ар дайым бир нерсе жей берет?” деген суроонун үстүндө ойлонуңуз. Мисалы, бала бирде булочка сураса, бирде момпосуй жейт. Психологдор тамакка тартылуунун себептери төмөнкүлөр деп көрсөтүшөт:
КЕҢЕШТЕР
Башкы себебин табыңыз
Баланы тынымсыз жегенге жеткирген себепти таап, аны четтетүү керек. Себеп жалгыздык, зеригүү болсо, анда ага убакыт бөлүп, мээрим төгүңүз, балдарга кошулуп ойноого уруксат бериңиз. Эки жакка чыкканда ала жүрүңүз, көңүлүн ачыңыз. Себеп тамактанууда жатса, баланын тамактануу стилин өзгөртүңүз. Бат даярдалуучу жана майлуу, ашыкча калориялуу тамактарды рационунан кыскартыңыз. Даамына карап эмес, организмге пайдалуулугуна карап тамак жасап бериңиз. Бул үчүн баланын өсүшүнө кайсы азык пайдалуу экендигин алгач өзүңүз айырмалай билгениңиз оң. Мисалы, белоктуу азыктар: эт, балык, жумуртка пайдалуу. Ал эми майды азайтуу сунушталат. Этти (анча майлуу эмес) куурубай демдеп же сууга бышырган оң.
Майы көп болгондуктан, колбаса, сосиска, сарделькаларды бербеген туура. Бирок, каймак май А витамининин булагы болгондуктан, балага бир күндө 10-15 грамм берсе болот. Ал эми торт, пирожное, кант, ак нандан биротоло баш тарткан туура. Жемиш (жүзүм менен банандан башкасын) менен жер-жемиштерди, макарондорду көп өлчөмдө жегенге берсе болот.
Катуу чек койбоңуз
Эскерте кетчү нерсе, балдарды диета менен катуу чектеп койсоңуз, ал сиз жокто же көзөмөлдү азайтканыңызда токтоосуз колуна тийгенди жей баштайт. Кээбир балдар мындай учурда мектепке барганда каалаганын алып жеп алып, салмагы мурункудан көбөйөт. Андыктан, мындан да кенен билип, кеңеш алуу үчүн балаңызды алып, диетологго кайрылууңуз абдан туура. Балдар таттууну жакшы көрүшкөндүктөн, кээде чайга мармелад же кыям кошуп берсе болот. Эртең мененки тамак менен түшкү, кечки тамактануунун ортосунда жегенге сабиз, алма, капуста бериңиз. Буларды жеген соң ток болгондогудай сезим калтырып, бала көп тамактана бербейт.
Балаңызды көп кыймылдоого көндүрүңүз
Диета менен кошо физкультураны айкалыштуруу керек. Көнүгүүлөр булчуңдагы заттардын алмашуусун жакшыртат. Мындан тышкары, бала чуркап, секирүүсү, велосипед тээп, топ ойноосу кажет. Мүмкүн болсо аптасына 2 ирет сууда сүзүү да жакшы.