ТУРМУШТАН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМ МЕНИ ЖИНДИКАНАГА ТУШ КЫЛДЫ

Өзгөчө оорукана, армандуу ага

Бул жай психологиялык жактан жабыркагандар дарылана турган оорукана. Айрымдар үчүн жөн гана "жиндикана". Боз дубалдын ары жагында эмне деген гана тагдырлар кездешпейт. Бул жерде "өзгөчө коркунучтуу" дегендерди өзүнчө кармап, алардын үстүнө кирүүгө медсестралардан башкаларга тыюу салынат. Атүгүл, врачтар да медсестралардын көзөмөлүндө кирүүсү талап кылынат. Ал эми анчалык коркунуч келтирбөөчү оорулууларга кадимкидей эле коргондун ичинде сейилдөөгө уруксат берилет экен.
Ошолордун арасынан шалдырай басып жүргөн, жашы өтүп калган байке көзүмө урунду. Көздөрү жылтырап, ар кимге жалтаң карайт. "Эгерде макул болсо сүйлөш" деген медсестралардын сөзүнөн улам агага акырын жакындап, журналист экенимди айтып сөзгө тарттым. Ал мени карап турду да, күрсүнүп мындай деди: "Анча кызыгып калыпсың, айтып берейин. Балким, менин тагдырым кимдир бирөөлөргө сабак болоор" деп сөзүн баштады.

Бактылуу үйбүлө, бузулган очок

Мен да кезегинде телегейи тегиз бактылуу жан болгом. Мончоктой эки уулум, кызым, жанга жагымдуу жаркылдаган жарым бар эле. Ошонун бардыгынан мен өзүм айрылдым. Балдарым кичинесинде ар дайым жумуштан келгенде мойнума мингизип алып, моокумум канганча ойнотчумун. Тепилдешип "аталап" алдымдан тосуп чыгышчу. Бирок, бактылуу үйбүлөлүк турмушубуз бир күнү эле күм-жам болду. Көрсө, мендейлер өзүнө келген ырыс-дөөлөттү көтөрө албай калат тура. Мени кызматтан көтөрүшкөн күнү үйгө сүйүнүчтүү келдим.
– Мени биздин бөлүмдүн жетекчилигине көтөрдү, - дедим келинчегиме.
– Чындап элеби?
– Чын. Эми жакшы там салабыз. Балдарыбызды бутуна тургузабыз,- дедим аны ордунан чимирилте көтөрүп.
– Аман эле бололучу, баары болот бизде.
Алда немеден кооптонгондой ушуларды айтты. Негедир ушул кабарга сүйүнгөн жок. Балким, аялдык жүрөгү менен сезди бекен? Тез эле иштин көзүн билген мени кызматтан көтөрө башташты. Тез эле бутума турдум. Өзүм каалагандай үйлүү, машиналуу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде бир аялга жолугуп калдым. Анын кылык-назына, келбетине арбалып калдым.
Мүнөзүм кошо өзгөрдү. Эми баягы күйүмдүү күйөө, мээримдүү ата жок эле. Бара-бара үйгө түнөбөй калган күндөрүм көбөйүп баратты. Көңүл ачуунун кызыгына кирип алдым. Ансайын чамгарактап, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп, аялыма да кол көтөргөнүм көбөйдү. "Сен элдердин аялындай жүрбөйсүң. Мен сени менен баскандан уялам" деп жок жерден көңүлүн ооруттум. Билбейм, байкушум эмнеге чыдап жүрдү? Балким, "чыдайын, эсине келээр" деген үмүт көкүрөгүн уялады бекен? "Айдар, мени аябасаң да, балдарыңды аячы. Мурун сен келет деп эшикте күтүп турушчу. Азыр сен келе жатсаң кирээрге жер таппай коркуп калышат. Мен балдарды да, өзүмдү да аябайм. Мен сени аяйм. Эч кими жок каласыңбы деп корком. Эсиңе кел." Анын көз жашы да, сөздөрү да мага таасир бербей калган эле. Дулдуюп угуп туруп, эч жооп айтпай кете бер­чү­мүн. Анткени, ойлогонум, каалаганым таптакыр башка эле.
Акыры бир күнү келип "Мен силерди да кыйнабайын, өзүмдү да кыйнабайын. Болду, жашай албайм минтип... Мен бирөөнү сүйүп калдым" дедим да кийимдерин жыйнап алып, балдарымдын маңдайынан да өөп койгонго жарабай кете бердим.

«Ал биздин атабыз эмес»

Жайлуу жайыман, балдарыман кечтирип, мени түз жолуман жаңылдырган Асыл аттуу аял эле. Менин кол алдымда иштечү. Үйбүлөм менен ажырашкандан кийин тез эле үйлөнүп алдык. Асылсыз жашоону, андан башка дүйнөнү көрө албай калдым. Ал болгону кызматыма кызыгып жатканын, утурумдук көңүл кумары тагдырыма чабылган балта болоорун билбегем...
Асылдын мурдагы никесинен эки уулу бар эле. Өз балдарымды сагынганымданбы, аларга өз баламдай мамиле жасачумун. Алтургай, апасы балдарды менин фамилияма жаздырып салган. Ошентип, жашап жаттык. Ошол учурда маркум СССР кулап, базар экономикасы деген нерсе чыга келди. Жумушуман айрылып, тез эле жээкке ыргыган чамындыдай чабылып отуруп калдым.
Эмне кылмакчымын? Үйдө отурган эки айда "сүйүктүүмдүн" анык жүзүн накта сездим. Андан да кичинесинен өз балдарымдан кем көрбөй чоңойткон уулдар "Эмне үйдө отурат? Эгерде андай экен, үйдөн чыгып кетсин. Ал биздин атабыз эмес" деп көрүнөө да, көмүскө да айткан сөздөрү угула баштады.
Ооба, "бөрү баласы ит болбойт" деген сөз чындык белем. Өз үйүмө өзүм батпай калганымды туйган сайын жаным кашаят. Айласыз мүңкүрөп отуруп калдым. Бир күнү шымаланып келген Асыл сөз баштады:
– Ии, отурасың. Андан көрө эркектей болуп эшикке чыгып иш издесең боло...
– Болду эми, менин эле эмес, караламан калктын башына түшүп жаткан күн.
– Ики, баарынын эле эмес. Сендей колунан иш келбегендердин...
Чыдабай кеттим. Бардыгына көз жумсам да, мындайга көз жума албайт элем. Тура калып жаактан ары бир салдым. Мына согушту көрүп ал. Эки жагынан асылышкан балдары, аялым кошулуп аз жерден тепкилеп коё жаздашты. Башым каңгып жүрүп кайра келгенде гана артка кайтууга кеч болуп калганын туйдум. Кайда барам? Кайра өз балдарыма барамбы? Ушунча жыл ың-жыңы жок жүрүп, эми кайсы бетим менен барам? Алтургай, тууган-уругум менен да катышпай калгам. "Келинибизден, неберебизден ажыраттың" деп мага кол шилтеген туугандарым катуу таарынычта болчу. Айлам жок кайра үйгө, Асылга, өгөй балдарыма кайтып келдим. Ой-боюма койбой жатып тааныштары аркылуу Асыл мени Алматыга иштеп келгенге жөнөттү.

Кокустук жана оорукана
Билбейм, ошол жакка барганды дегеле каалабай тургам. Бирок, айла жок, Асыл менен уулдарынын мага ыркырашканын укканча деп кете бердим. Жашым өтүп калган мага эмес, кер мурут жигиттерге жумуш жок. Көрбөгөнү­бүз көр болду. «Кечтим байдын кызынан» деп эптеп жолума акча таап алып келе бердим. Айдоочу кечке чарчап талыкшып кеткенби же эмне болгон билбейм, бир кезде биз келе жаткан машине ала салып кетти. Айтор, "кырсык кетпейт бечелден" болуп кабыргам сынып, башыман да олуттуу жаракат алдым. Ошентип, Асылдын азгырык планынын айынан жарымжан болуп калдым. Көпкө ооруканада жаттым. Аялым, баккан балдарым да басып келип, абалымды сурап коюшкан жок. Дарыларды төлөп- төлөбөй айламды кетиргенде жакшы дарыланбай эле чыгып кеттим. Ушундан улам башым катуу ооручу болду. Өзүмдү өзүм токтото албай жиндеп кеткен учурларым да, аялым менен кер-мур айтышкан кездерим көбөйүп бара берди. Баягы эле жашоо. "Сен үйдө отурасың. Сени биз багып жатабыз" деп сайраган аялымды уккум келбей эртең менен туруп кетип, кечке көчөдө каңгып басып жүрүп кечинде келем. Бир жагынан мурунку үйбүлөмдөн кетип калган күнөөмдүн оордугунан, экинчи чети оорум кыйнап, үчүнчү жактан жыландай ышкырган аялым эзип, айтор, баары кошул-ташыл болуп оорум күчөй берди.

Чымкоргонго жеткирип салалы...

Бир күнү эшиктен кирип келе жатып, кичүү бакма уулум апасына минтип жатканын уктум. "Апа, муну жинди деп психбольницага тыгып салалы. Өзү деле жиндиге окшоп көчөдө эле басып калды. Пенсиясы бизге калат". Чындап уктумбу же калп уктумбу деп эсиме келе албай турдум. Мен өстүргөн, өз каным болбосо да уулдарым деп тутунган, атүгүл, фамилиямды берген балдарым ушуларбы? Мен минтип жарымжан болгондо Чымкоргонго тыгып салат экен да?! Көзүмдөн чаар чымын учуп колума илинген отургуч менен атырылап кирип бардым. "Мына сага Чымкоргон!" деп бакырганымды жана бар күчүм менен шилтегенимди бир билем. Каракушума катуу нерсе урулду да, эсимди жоготтум. Башка нерсе эсимде жок. Эсиме келсем, үстүмдө башка кийимдер. Көрсө, ооруканада жаткан экем. Болгондо да жиндиканада.
Көрсө, эбак эле даярдап коюшкан справкалар менен "Өтө коркунучтуу адам. Аз жерден баламды өлтүрүп коё таштады. Эбактан бери чыдап келгенбиз. Мындай учурда эч кимге ээ-жаа бербей калат" деп гана жалгандын баарын айтып, Чымкоргонго алып келишкен экен. Арыз-муңумду айтып эч кимге баргым келген жок. Азыр мага бул жерде боломбу же үйдө боломбу баары бир. Бир ай мурун мени ушул жерге, борбордогу ооруканага которушту...
Айдар ага ушинтип сөзүн бүтүрдү.
Эмне дээримди билбедим. Мындай талкаланган тагдырлар канча? Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө дегендей бир жаңылыш баскан кадамынын айынан жапа чеккен бул адамды боор толгой карап турдум. Ким билет, балким, аганын өзүнүн үйбүлөсү окуп калса качандыр бир кезде кетирген катасын кечирип кутман карыны өз очогуна алаар беле деген да ойго жетеленип бара жаттым.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ayay
2011-07-17 11:39:53
Жаман окуя экен! А бул тагдыыр,бирок Айдар ага себеп уй булоосу кандай оор кундорду баштан откорду алардын убалы да.А Асыл да жасасыз калбайт. Бирок менин атам кайтып келгенде мин андан конулум калса да кудайдын суйуктуу адамы болуш учун балким аны кечирип карайт элем.Ээх тагдыр неге мындай таш боорсун,бут ааламды арманга ороп койгонсун.неге оор каталарым корсотуп,оз кезинде оз козумо койбойсун
+1
Aipeeeri
2013-06-18 07:52:42
kudaiym jolun trabuusuna jardamchy bolsun!
+1
Nuri1988Elim2010
2018-10-30 14:36:08
Эх тагдыр.
Уй-булоосу алып кетсего.Боорум ооруду.
Бактылуу карылык бере кор Аллахым ар бир пендене
0
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан