"Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков жумуштан кетиптир" деген имиштер тараган. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билүү максатында радио кызматкерлери менен байланыштык. Көрсө, Тынчтыкбек Түркияга 18-октябрда радиосеминарга кетиптир. Бирок продюсерлик ордунда эле экен. Түркиядан ноябрь айынын башында келерин кесиптештери билдиришти.