Эгер ысык үтүктүн бетине полиэтилен пакети жармашып калса, аны төмөнкүдөй кылып тазалаңыз: Алгач үтүктүн муздашын күтүңүз. Анан лак кетирүүчү суюктук менен сүртсөңүз, үтүгүңүз өз калыбына келип калат.
Үтүктүн булганган бетин эч качан бычак менен кырбаңыз. Кадимки эле аш тузун кагаздын үстүнө төгүп, ысытылган үтүктү тузга жакшылап сүртүңүз. 6
Таза жуулган кийимди гана үтүктөңүз. Жуулбаган кийимди үтүктөсөңүз, ал кийимиңизде так калып, кийин тактын кетиши кыйын болуп калат.
Өтө кургак кийимдин бырышын кетириш кыйын. Андыктан, мындай кийимди үтүктөөрдүн алдында ага бир аз суу бүркүп алыңыз.
Оңдон солду көздөй жана кийимдин кенен бөлүгүнөн тар бөлүгүнө карай үтүктөө туура болот. Ошондой эле туурасынан эмес, узунунан үтүктөө талапка ылайык.
Кийимди таза кургаганга чейин үтүктөңүз. Болбосо ал кайра эле бырышып калат.
Синтетикадан даярдалган кийимдерди такыр эле үтүктөбөй койгон туура. Эгер бырышып калган болсо, анда аны жылуу үтүк менен гана бир аз үтүктөп коюңуз.
Ачык түстүү кийимдерди сырткы бетинен үтүктөңүз, ал эми күңүрт түстүү кийимдерди ички бетине оодарып үтүктөгөнүңүз талапка жооп берет.
Эркектердин көйнөгүн төмөндөгүдөй тартипте үтүктөө туура. Алгач оң жеңин, анан жакасын, сол жеңин, андан соң далысын, артын, жандарын, эң акырында алдын.
Үтүктү үтүктөп жаткан кийимдин бир эле жеринде кармап тура бербеңиз. Антсеңиз кийимге үтүктүн изи түшүп калат.
Үтүктөп жаткан кийимиңиз канчалык жука болсо, астына салынган буюм ошончолук калың болуусу керек.
Жакшы ысыбаган үтүк ак кездемеге сары тактарды калтырып коёт.
Үтүктөлгөн кийим жылтырап калса, сууланган таза кездеме менен бир сыйра сүртүп, андан кийин үстүнө марля коюп дагы бир жолу үтүктөп коюңуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maksi
2009-08-26 02:04:07
Макала жакшы экен...үтүк кармаган аялдын сүрөтүн таппай калганынар эле кызык экен...:)
0
armin85
2012-07-04 21:11:18
кенешинерге размат бирок утукту мырзаларга берет окшойбуз го чындап!
0
gulu8177
2014-12-18 15:51:47
эч убакта соода туз менен мункун эмес азыркы утуктор соовременный чийилип калат лимонный кислота менен суртунуз
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.