Эски ырларга жан киргизе ырдап, элге тартуулап келаткан Турдалы Аскарбеков 27-ноябрь Курман айт күнү чоң кубанычтын ээси болду. Тактап айтканда, жан шериги балканактай уул төрөп берип сүйүнттү. Ымыркай Бишкектеги №4 төрөт үйүндө, кечки саат 18:30да 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү. Толкунданган ырчы учурда алдын ала тандап койгон 3-4 ысымдын кайсынысын уулуна ыйгарарын билбей башын катырууда. Биз да ырчыга бешик боо бек болсун демекчибиз.