Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта “Кандуу сүйүү” фильминин 2-бөлүгү тартыла баштаган эле. Эсиңизде болсо, 1-бөлүктө башкы ролдогу Алымбектин образын Чыңгыз Мырзаев жараткан. Экинчи бөлүктө ырчы Ильяз Андаш Чыңгыздын иниси Сагынбектин ролун аткарууда. Бул ырчынын тасмадагы алгачкы дебюту. Учурда тасма Бостери айылында тартылууда. Ильязды режиссёр Жаныш Кулманбетов тасмага өзү чакырган. Ырчынын актёрлук талантына жаңырган жылда күбө боло алабыз.