ШАХИСТА

Бул ырчы айымдын оригиналдуу атын укканда эле өзүн көргүң келип, ал жөнүндө билгиң келип турат. Учурда белгилүү радиолордо гана жаңырбастан, пираттык дисктер аркылуу да эл ичине жайылган “Тартынамын” аттуу ыры менен популярдуу болгон Шахистаны тааныштырабыз.

Курбанова Шахиста 1987-жылы 4-майда Ош шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Ош шаарындагы Айыл-чарба университетинин экономика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти. Бош убактысында стол үстүндөгү теннис ойногонду жакшы көрөт.

– Шахиста, сенин атың эле өзүнчө оригиналдуу. Бул өз ысымыңбы?
– Өзүмдүн чын атым – Шохиста. Болгону “о” тамгасын “а” тамгасына өзгөртүп алганмын. Көптөр менин атымды бир айтканда эле эстерине сактап кала алышпайт жана “атыңды ким койду эле?” деп сурай беришет. Атымды ата-энем койгон. “Шохиста” деген сөз өзбек тилинен которгондо “биринчи болуу, алдыда жүрүү” дегенди билдирет.
– Өзүң толук кандуу кыргыз кызысыңбы?
– Кыргыз эмесмин. Мен толук кандуу өзбек кызымын. Бирок, кыргыз тилин мыкты билем.
– Демек, эки элдин ырчысы турбайсыңбы?
– Жок, мен Кыргызстандын эле ырчысымын. Кыргызстанда төрө­лүп-өскөнмүн, досторумдун баары кыргыз улутунда. Өзбекстанга чакырышкан, кээбирлери «финансы жактан да демөөрчү болуп беребиз» дешкен. Бирок, мен макул болгон эмесмин.
– Кыргыз шоу-бизнесине кантип аралашып калдың эле?
– Мен кичинекей кезимден эле ырга жакынмын. Ош шаарында жыл сайын өзбек өнөрпоздору ар кандай конкурстарды өткөрүп турушат. 2005-жылы мен да бул конкурска катышып, ырдоо боюнча жеңип чыккам. Ал эми жеңүү­чүлөргө конкурстун шарты боюнча бир жаңы ыр жаздырып бериш керек эле. Ошондо мага белгилүү аранжировщик Бахрам Азимов бир ыр жазып берип, ушундан кийин ал адам менен жакындан тааныш болуп калгам. Учурда Бахрам байке менин продюсерим.
– Азыр популярдуу болуп жаткан “Тартынамын” аттуу ырыңдын кантип жаралгандыгы тууралуу сөз кыла кетсең?
– “Тартынамын” деген ырымды мен башында өзбек тилинде ырдачумун. Кийинчерээк бул ыр Ош тарапта популярдуу болуп кеткен эле. Анан ушул эле ырды Ташкент кызы Гүлгө берип, кыргыз тилинде жаңы сөз жазып берүүсүн өтүнгөм. Ал эми обону өзүмдүкү.
– Шахиста, сени түндүк тараптагы угармандарга караганда түштүк күйөрмандары көбүрөөк тааныйт окшойт. Качан борбор калаабыз Бишкекке келесиң?
– Чынында эле мени түндүк тараптын эли тааныбайт. Ошто жашап жана окуганыма байланыштуу борбор калаага барганга убактым тар болуп жатат. Учурда жаңы ыр жаздырып, клип тарт­тырып жатабыз. Жакшылап даярданып алып Кудай буюрган күнү Бишкекке барабыз.
– Өзбек эли салтты катуу кармайт эмеспи. Ата-энең ырдаганыңа каршы болушкан жокпу?
– Кичинекей кезимден эле ырдаганымданбы, чоңоюп калганда эч нерсе дешкен деле жок. Өз жайыма коюшту. Бирок, келечекте мен экономика тармагында иштөөнү көздөп жатам.
– Анда ырчылык убактылуу эле кесибиң турбайбы?
– Ырчылыкты убактылуу деп да айткым келбейт. Анткени, мен ырдабай тура албайм. Мүмкүн, эки кесипти тең бир алып кетээрмин, аны да убакыт көргөзөөр.
– Сулуу жүзүңө суктанган жигиттердин саны көп болсо керек?
– Өзүмдү сулуумун деп айткым келбейт. Сүйүүсүн арнаган жигиттер бар. Бирок, учурда жигитим жок.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан