“Супердин сулуусу-2009” сынагынын жыйынтыктоочу туру уланууда. Буга чейин финалга 14 сулуу чыгып, биринчилик үчүн ат салышып жаткандыгын окурман журтка кабарлаганбыз. Ал сулуулардын ичинен Бердигулова Назира (катар номери 10) аттуу айым сынактын шарттарына туура келбеген иштери үчүн жарыштан четтетилди.