Куудул кыз Назира Жетигенова жазында коюлчу чоң концертине даярдык кылып, Чүй өрөөнүн кыдырып гастролдоп жүргөн. Гастролдо жүргөн топ кезектеги концерттен кайтып келе жатып токтоого аргасыз болгон. Себеби солярка менен жүргөн машинанын майы тоңуп калган экен. Алар калың кардын айынан отун таппай кийимдерди өрттөп, майды араң эритишкен. Куудул кыз таң аткыча машинаны жүргүзүүгө жардамдашып жатып суукка урунуп калганбы, азыр сыркоолоп үйүндө жатат.