Ди-джей Назира Кадыева балалуу болгондон кийин чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Эми кызын торолтуп, негизги жумушунан сырткары убакыт таап, ырчылыкка баш-оту менен киришти. Элдик вокал боюнча профессор Улукмырза Полотовдон сабак алууга жетишип, “Унутпаймын” аттуу ыр жаздырып, мындан ары үзгүлтүксүз иштөөнү көздөөдө. Баса, ал "ди-джейликти да кошо алып кетем",- дейт.