Белгилүү модельер Олег Беда Бишкектин түнкү клубдарынын биринде өзүнүн кийимдер коллекциясын тартуулады. Олегди куттуктоо үчүн достору, тааныштарынан сырткары модельердин кызматынан пайдаланышкан ырчылар Алина Жетигенова, Жанета, Райхан Абдувалиева, кикбоксчу Ален Офойо өңдүү белгилүү адамдар да келишти. Кеченин тизгини Зарина Хасанова менен Мультик деген лакап аттуу жигитке берилген экен. Алпаруучулар кече көңүлдүү өтүшү үчүн бүт аракеттерин жумшашты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө үйлөнүү-үлпөт көйнөктөрү, “Авангард” аталган жаңы коллекция, ошондой эле Body Art (денеге сүрөт тартуу), Face Art (бетке сүрөт тартуу) өнөрлөрү да тартууланды. Айта кетүүчү нерсе, бул көргөзмөнү тартуулоодо кыргыз моделдери менен бирге Казакстандан келген сулуулар да жардам беришти.