Эрмек Нурбаев жетектеген “Тамашоу” долбоорунун 5-февралдагы оюнуна “Супер-Инфо” гезитинин командасы да катышмакчы. Ошондой эле адаттагыдан өзгөчөлөнүп, “Калыстар” жана “Ырчылар” командалары да ойношот. Аталган төрт команда таймашпайт, жөн гана конок катары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми спортчулар командасы белгисиз себептер менен катыша албай калышты.