Жумурай журт кайра жаралгыс талантынан ажырады. Эл оозунан түшпөй ырдалып келаткан “Сүрөтүңө”, “Жазым келчи” деген сыяктуу бир нече ырлардын обондорун жараткан Жолдошбек Мамажанов 24-февралда көз жумду. Обончуну асылган оору акыры 58 жашында алып тынды. Таланттын көзү өткөнү менен, артында түбөлүктүү ырлары калды. Эмне демекчибиз, обончунун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Жолдошбек Мамажановдун "Сүрөтүңө" аттуу ырын сайтыбыздын медиа-порталынан уга аласыздар (шилтеме).