18-19-февраль күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында “Бакдөөлөт” коомдук фонду уюштурган “Акындар акты сүйлөсө” аттуу кече болуп өттү. “Элибиздин келечеги – касиетинде” деген ураан менен өткөн кечеге Элмирбек Иманалиев, Табылды Актанов баштаган ак таңдайлар, манасчылар жана комузчулар катышты. Акындар деп айтылганы менен, эл тааныган эки-үч акындан башка Жеңишбек, Аалы, Азамат сыяктуу калк кадырындагы акындарды кечеден көрө алган жокпуз. Айтор, айрымдары “чыныгы кыргыздын кечеси болду” десе, кээ бирөөлөр “акындар деп элди алдап чакырып алышыптыр, биз күткөн акындар келген жок” деп нааразы болуп тарашты.