ЖАНЫБЕК ЭР ОРТОНУ ЭЛҮҮДӨ

Куудул, кээде ырчылыкка да башын малып жиберген Жаныбек Алыкулов элүү жашка чыгып отурат. Эр ортону элүүнү багындырган куудул туулган күнүнүн урматына “Жаныбек Алыкулов элүү жашта” деген концерт бергени турат. Көптөн бери эл көзүнөн алыстап кеткен куудулдун күйөрмандарына тартуулоочу кечеси өзгөчө экен. Башкача айтканда, куудул бала чагынан бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолун сахнада элге баяндап берет. Уулу Алмаз Алыкулов учурда Астанадагы кафелердин биринде ырчы болуп иштеп жаткан. Атасын куттуктап баласы сөзсүз келет экен. Анан куудул окуучуларым деп атап жүргөн Гүлнур Сатылганова, Роза Аманова сыяктуу белгилүү ырчылар катышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан