Кыргыз шоу-бизнесине жаңыдан кадам таштаган ырчы Заринин учурда иштеген ишине байланыштуу Орусияда. Музыкалык билим алгысы келген ырчы учурда Москвадагы музыкалык мектептердин биринде фортепьянодон билим алып жатат. Кызыгы, классташтарынын баары музыкалык билимдүү болгусу келген 6-7 жаштагы жеткинчектер экен. Мектеп жетекчилери алгач “чоң эле кызды кантип 1-класска алабыз?” деп болбой коюшкан. Бирок Зари “биздин өлкөдө ырчылардын баарынын музыкалык сабаты болуш керек. Жардам бергиле” деп суранып кирген.