Кыргыз элине этно-акын катары таанылып, тамашалардын темасына айланган Тата Улан өзүнүн алгачкы жеке концертин Ош жергесине коюп келди. “Эмне үчүн алгачкы концертиңди Ош шаарына бердиң?” деген сурообузга ал төмөндөгүдөй жооп берди. “Ош шаары – Бишкектен кийинки борбор. Алгачкы концертимди баш калаага коёрдун алдында өзүмдү текшерип көрөйүн деген ойдо кылгам. Жеке концерт берүү мага аябай жакты. Жүрөктө толо толкундоо сезими, жагымдуу эмоция дегендей... Кечени куудул Жакут Сыдыков алпарды. Конокторум акын Төрөбай Арзыбаев, манасчы Сапар Зулпиев болду. Түштүк жергебиздеги күйөрмандарым эң сонун кабыл алышты. Мен аларга «1000 калориялуу» патриоттук сезим калтырып келгениме ишенем” деп тамашалай жооп берди.