Сыймык Бейшекеев Маданият агенттигинен өзгөчө чакыруу алды. Ырчы Иранда өтүүчү түрк тилдүү элдердин концертине катышат. Иш-чара март айынын 10-15ине чейинки аралыкта өтөт. Бул чакырууга Сыймык менен бирге Кыргызстандан дагы бир нече ырчылар арзышты. Учурда Сыймык Иранга барууга даярданып жатат.