Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси тарабынан жыл сайын Кытай Эл Республикасында сулуулар сынагы өткөрүлүп келет. Кымча бел, көздөрү жайнаган, ак маралдай буралып көпчүлүктү тамшандырган кыргызстандык бийкечтердин жеңүүчүсү эми 60 өлкөнүн сулуулары менен ат салышат. Кыргызстандан баруучу селкини тандоо белгилүү стилист Замира Молдошевага жана жогоруда аталган конгресстин Кыргызстандагы филиалына жүктөлгөн.
Замира айымдын айтымында, 20-апрелде өтө турган сынакка турмушка чыга элек, 16 жаштан 24 жашка чейинки кыздар катыша алышат. Жеңүүчү деп табылган сулуу 24-апрелден 23-майга чейин Кытайдын беш шаарында өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Мисалы, улуттук кийимди даңазалоо бир шаарда өтсө, ал эми кечеге кийүүчү көйнөктү көргөзүү башка шаарда өткөрүлөт. Ошентип, беш бөлүктөн турган сынак ар кайсы шаарда өткөрүлүп, финалы Бээжинде жыйынтыкталат.