7-апрель кыргыз тарыхында кандуу шаршемби аталып калды. Элибиз 80ден ашык эр-азаматтарын кара жерге берип, кан какшап турган кези. Мына ошол курман болгондорго арнап, кыргыздын көрүнүктүү ырчылары, дегеле искусство адамдары 15-апрель күнү “Ата-Бейитке” барып куран окуп, эскеришти. Дал ушул күнү көрүстөнгө кандуу окуядан ок жеп ооруканада жатып көз жумган эки жигитти алып келип коюшту. Ырчылар курман болгон жигиттердин жакын туугандарына, ата-энесине кайрат айтышты.
150дөн ашык искусство өкүлдөрүнүн башын бириктирип, шейит кеткендерге куран түшүрүп, эскерүүнү “Миң-Кыял FM” радиосу уюштурганын айта кетели. Бейитке чогулган эстрада өкүлдөрү жакынкы күндөрү концерт уюштуруп, андан түшкөн каражатты ооруканада жаткандарга кайрымдуулук үчүн берүү демилгесин көтөрүштү.