KG ЭЛМУРАТ СУЛУУ КЫЗ МЕНЕН “СҮЙҮҮ ДЕҢИЗИНДЕ”

Шоу-бизнесте бул жигитке аты окшош эч ким жоктугуна карабай, ысымына КGни кошуп алган Элмурат клип тартууда рекорд коёт сыяктанды. Анткени “Жамгыр”, “Сага” аттуу клиптерине улай эле жаңы жазылган “Сүйүү деңизи” деген ырына клип тартуу үчүн Москвага сапар тартуу алдында турат. Клипке ал жактан орус кызын тартпай, кыргыздан Жаңылай аттуу бийкечти жетелей кетүүдө. Акыркы кезде чет жакка эс алганы барып эле клип тартып келген ырчылар көбөйдү. Андыктан Элмураттан сценарийинде сүйүү чагылдырылган клип күтөлү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан