БАКТЫГҮЛ МЕНЕН МАКСАТ МЕКЕНИБИЗГЕ КАЙТАЛБАЙ УБАРА

Европанын бир канча өлкөлөрүн кыдырып, кыргыз ырларын жаңыртышкан ырчылар Бактыгүл Бадыева менен Максат Бегалиевдин азыр маанайлары бир аз чөгүңкү. Себеби Лондондогу концерт аягына чыгып, Кыргызстанга жол тартканы жатышса, аба каттамдары жабылып калаган. Бул 14-апрелде Исландияда жанар тоо атылып, асманды күл менен чаң басып калгандан болгон. Ошондон улам Европа аба каттамдарынын баары убактылуу токтогон. Эки ырчы «учууга уруксат болсо эле кетет элек» деп түйүнчүктөрүн түйүп отурушат. Ал эми бул ырчылар менен чогуу кеткен Каныкей жанар тоо атыла электе эле, башкача айтканда, 18-апрелде Бишкекке келген. Эки ырчынын Лондондо калып калышын Каныкей “билеттерибиз ар кайсы күнгө алынган эле” деп түшүндүрдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан