Ырчы Байыш Момунов менен мукам үндүү Роза Шакирова тандем түзүштү. Учурда эки ырчы чыгармачылык тандемин түштүк жергесинен башташты. Башкача айтканда, Роза менен Байыш Ошто концерт коюп жүрүшөт. “Роза экөөбүз мурда эле жакын достордон элек, эми тандем түзүп, чогуу иштешип жатабыз. Буюрса, экөөбүз биргеликте дуэт жаздырып, клип да тартабыз. Биздин тандем узакка созуларына ишенем”,- деп билдирди Байыш Момунов. Эки ырчынын тандеми узакка созулабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөр деген ойдобуз.