МАЙЫП БАЛДАР ДА ЫРДАШАТ

1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата майып балдары бар жалгыз энелердин “Эне эмгеги” кайрымдуулук коому борбор калаабызда 31-майда, саат 18:00дө Спорт Ордосунда концерт коюшмакчы. Бул концертте кыргыздын эң мыкты фольклор, эстрада чеберлери Роза Аманова, Айчүрөк Иманалиева, Сыймык Бейшекеев, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Тата Улан, Бекчоро, Ынак Осмоналиев жана башка ырчылар ырдап, “Тамашоу” лигасынын командалары элди күлкүгө бөлөп жана белгилүү бий топтору концертти коштомокчу. Кызыгы, концертте аталган коомдогу таланттуу майып балдар да ырдап-бийлеп, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Алардын арасында биздин сүйүктүү окурманыбыз Арапбек да бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан