Кичинекей Иса азыр чоңоюп, 15 жашка чыкты. Бир эле убакта мектепте, музыкалык мектепте окуп, сахнада ырдаганга да үлгүргөн Исага апасы Гольф үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылды. Анан да бул жигит алтын казынадагы эски ырларды аткарууда. Мисалга алсак, Барпы Алыкуловдун «Насыят», Рыспай Абдыкадыровдун «Алтынчы күнү кечинде» аттуу ырларын катыра ырдап чыкты. Баса, аталган ырларды www.super.kg сайтыбыздагы медиа-порталдан угуп, сын-пикириңиздерди калтырсаңыздар болот.