МИКАЭЛДИН ӨЛҮМҮНҮН СЫРЫ АЧЫЛДЫ

Ырчы, шоумен Микаэлдин өлүмүнө шектүү адам табылганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда, 24-май күнү оор кылмышка шектүү адамды кармашкан. Бул кабарды угарыбыз менен кылмыш ишин ачкан Свердлов РИИБине жөнөдүк. Бул жерде маркум Микаэлдин жакындары, айрым шоу-бизнестин өкүлдөрү жана ырчынын фанаттары топтолуп турушуптур. Кылмышка шектүү жигитти Свердлов РИИБинен Свердлов райондук сотуна алып жөнөштү. Топтошкон күзөтчүлөрдүн жетегинде бара жаткан арыкчырай жаш жигиттин жүзү күрмө менен оролгондуктан, эч ким көрө албады. Анын жакындары “Эркин, биз сени мененбиз!” деген сөздөрдү айтышса, Микаэлдин туугандары аны каргап, достору адилеттүүлүктү талап кылып кыйкырып жатышты.
Эркин Микаэлдин эң жакын досу экен. Микаэль каза болорунан эки күн мурун досу Эркинге СМС-билдирүү жазганы милиция кызматкерлерине белгилүү болгон. Бул СМСтен эки дос бир аз чатакташып кеткенин билүүгө болот. Ал эми Эркиндин апасы баласын күнөөлүү эмес деп милиция кызматкерлери уулуна зомбулук менен кылмышты моюнуна алдырганын айтууда. “Эркин Юридикалык академияда мугалим жана коомубузда башы көрүнгөн адамдын небереси” деген да маалыматтар болууда. Бул окуя тууралуу гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан