ТОПТУН ЫРЧЫЛАРЫ
Уилльям Жеймс Адамс
Ырчы 1975-жылы 15-мартта АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң кичүүсү. Кичинекей кезинен бери эле белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенет. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде азыркы коллегасы Аллен менен таанышып калат. Анан мектепти таштап, музыка жана бий дүйнөсүнө баш оту менен кирип кетет.
Кийинчерээк Уилльям бийден да ыр жазганга көбүрөөк маани бере баштайт. Ал 2003-жылы “Where is the love” (Сүйүү кайда?) деген ырын жазат. Бул ыр ошол эле жылы популярдуу болуп чыга келет. Мунун себебин Уилл башка ырчылар сыяктуу батыш дүйнөсүн мактап, рекламалабастан, тескерисинче, олуттуу маселелерди ачык айтканы менен байланыштырат. Ырда батыш өлкөлөрүнө таандык сүйүүсүз жашоо, баңгилик, жеңил ойлуулук сыяктуу маселелер козголгон.
2004-жылы Уилл “Мен кийиммин” (I am clothes) деген кийим стилин ойлоп табат.
Уилл учурда бойдок. Ал 30га чыкса да сүйгөн кызы жок. Уиллдин жан-дүйнөсү абдан назик болгондуктан, өзүнө окшогон назик кыз тапкысы келет. Бирок, анын ою боюнча Америкада анын оюндагыдай назик, уяң кыз жокко эсе. Уиллдин лакап аты – Will.i.am башкача айтканда, “эмнени кааласам ошону аткарам”.
Аллен ПайнедаАллен 1974-жылы 28-ноябрда Филиппинде туулган. Аны төрт жашында Кристина Пайнеда аттуу америкалык аял багып алган. Ошентип, ал Лос-Анжелесте чоңойгон. Аллен муну 17 жашында гана билген жана Филиппиндеги өз апасын издеп тапкан. Азыр өз апасы менен да, бакма апасы менен да катышып турат.
Аллен да Уилл менен таанышкандан кийин 8-класста окуусун таштайт да, экөө “Tribal Nation” деген топ түзүшөт. Кийинчерээк топко “Atbаn Klann” деген ат ыйгарышат.
Аллендин аялынын аты да Кристина болгондуктан, аны апасы сыяктуу Кристина Пайнеда деп жаздырган. Учурда Аллен Лос-Анжелесте жубайы жана агасы Арнел менен чогуу жашайт. Аллендин лакап аты – Apl.de.ap. Бул анын филиппинче аты.
Жейм Луис ГомесЖейм 1975-жылы 14-июлда АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. Жеймдин апасы индеец, атасы мексикалык. Ал “брейк-данс” бий түрү боюнча атайын окуп билим алган. Жейм 16 жашында Розлинн Кобарубиас аттуу кызга үйлөнүп, андан Жошуа аттуу уулу бар. Уулу азыр 13 жашта. Бирок, Розлинн экөө көп өтпөй эле ажырашып кетишкен. Ажырашууга Жеймдин такыр үйгө турбаган гастролдору себеп болгон деп айтылат. Учурда Жейм Ксюша Кондитерова аттуу орус сүрөтчү кыз менен жолугуп жүрөт. Ал тургай, Жейм анын колун сурап, ага шакек салган. Ырчынын алсыз жагы спирт ичимдиктерин жана тамекини көп колдонот. Жеймдин лакап аты – Taboo. Бизче которгондо “тыюу салынган” дегенди билдирет.
Стейси Энн ФергюсонСтейси 1975-жылы 27-мартта АКШдагы Калифорния штатында туулган. Ал карьерасын 1983-жылы 8 жашында “Чарли Враун” аттуу мультфильмдеги каарманды сүйлөтүү менен баштаган. 1996-жылы жалаң кыздардан турган “Wild Orchid” (Жапайы өсүмдүк) тобуна кошулган. Бул топто 5 жыл иштеген соң, 2001-жылы Уилл Стейсини өздөрүнүн тобуна алып келип кошкон. Стейси оң кулагын 7 жеринен, кашын жана киндигин көзөп, ал жерлерине сөйкөлөрдү тагып алган. Стейси өзгөчөлөнүп кийингенди да жактырат. Ошондуктан, акчасынын дээрлик бардыгын кийимге жумшайт. Ал эми денесинин өзүнө жаккан бөлүгү буту. Ал турсун, жакында эле “Ин Тач” (In Touch) журналы уюштурган “Эң сулуу буттуу айым” конкурсунда 5-орунду алган.
Стейси 2 жылдан бери 28 жаштагы гитарист Рей Брэди менен жолугуп жүрөт. Анын аты азырынча белгисиз болгон фильмде баш каармандын ролуна тартылып жаткан учуру. Бирок, анын алдыга койгон максаты Шекспирдин “Гамлет” драмасындагы Офелиянын ролун ойноо.
Стейси 5 жылдан бери наркотикалык заттарды колдонот. Жакында эле Стейсинин “ашыкча өлчөмдө наша колдонуп, көз жумуптур” деген имиштер анын күйөрмандарын чочуткан. Стейсинин лакап аты – Фержи. Бул анын фамилиясынын кыскача аталышы.
ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ
Жогоруда айтып кеткендей “Atban Klann” уюштуруучулары Уилл жана Аллен 1998-жылы Жейм менен таанышып, анын өз ишинин адиси экенин байкашат да, ошол эле жылы үчөө биригип “BlackEyedPeas” деген топ түзүшөт. Көп өтпөй үчөө топко Ким Хилл аттуу кызды кошуп алышат. Бирок, ал 2000-жылы күтүүсүздөн топту таштап кетет. Ага карабай үч бийчи жигит Лос-Анжелеске таанылуу максатында күжүрдөнүп иштешет. Кийинчерээк топтун “Shut up” (Үнүңдү бас) аттуу ырына кыздын үнү керек болуп турган маалда Уилл Фержи менен таанышып, аны топко кошуп алышат. Ошентип, “BlackEyedPeas” тобунун азыркы курамы түзүлөт.
ТОПТУН СЫРЫ
АЛЬБОМДОРУ
1998-жыл - “Behind the front” («Алды жактын аркасында»)
2000-жыл - “Bridging the gap” («Боштукту толтуруу»)
2003-жыл – “Elepfunk” («Пил оюну»)
2005-жыл – “Monkey business” («Маймылдын эмгеги»)
«MY HUMPS» ЫРЫНЫН МАЗМУНУ
“BlackEyedPeas” тобунун буга чейинки ырлары Батыш дүйнөсүнө кеңири жайылып, Батыш элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келген болсо, “My humps” аттуу ыры дүйнөнүн бардык бурчун өз кучагына алган. “My humps” “менин келбетим” деп которулат. Ал эми ырдын мазмунуна келсек, кадимки эле америкалык жигит менен кыздын кайым айтышынан сөз болот.
Жигит кызга: “Келбетиң келишимдүү экен. Ичиңде эмне бар болду экен?” десе кыз: “Ичимде эмне болмок эле. Сен алып берген ичимдиктер эле бар” деп жооп айтат. Анда жигит: “Мен сенин денеңдин ичин эмес, ички дүйнөңдү сурагам. Сенин оюң жаман экен. Дароо эле оюңа жаман нерсе келет” дегенде кыз: “А силер, жигиттер кыздарды колдонушту эле билесиңер” деген оюн айтат. Ошентип, ырда кыз да, жигит да «бизсиз силердин күнүңөр өтмөк эмес» деп бири-бирин тоготпогондой түр көрсөтүшөт.
Даярдаган Айым Сариева