КОСМОСТУК ТУРИЗМ

“Жер планетасынын жашоочулары! Жерди сырттан көргүңүз келсе, космоско бир жумалык жолдомо алыңыз. 6 айлык даярдоо, барып келүү жана бир жуманы космосто өткөрүү билеттин акчасына кирет”. “Space Adventures” (“Космос окуялары”) компаниясынын сайтында мына ушундай жарыя бар.

КОСМОСТУК ТУРИЗМ
20 жыл мурун мындай сөз айкашын элестетүү кыйын эле. Бирок, бүгүн жер шарынын орбитасынан чыгып, планетаны сыртынан көрүү толук орундала турган нерсеге айланды. Мындай саякаттын максаты илимий изилдөө же жөн гана көңүл ачуу болушу мүмкүн.
Азыр космостук туризмдин жалгыз уюштуруучулары – 2001-жылдан бери чогуу иштешкен “Роскосмос” (Орусия) жана “Space Adventures” (АКШ) компаниялары. Азырынча алар Жер-ЭКС маршрутун гана сунуштай алышат (ЭКС – Эл аралык Космостук Станция, орусча МКС – Международная Космическая Станция). Туристтер, негизинен, Москванын четиндеги Жылдыздуу шаарчада даярдыктан өтүп, орусиялык “Союз” космос кемелери менен учушат.

КОСМОСКО БИЛЕТ КАНЧА ТУРАТ?
Жер орбитасына барып келүү кыялын орундатуу адегенде 20-23 миллион доллар турчу. Космосту көргүсү келгендердин саны арбындап, 2007-жылдын июлунда билет баасы 40 миллионго көтөрүлгөн. Аз убакыттан бери баасы 15 миллион доллар болгон кошумча бир нече мүнөт кемеден ачык космоско чыгуу кызматы пайда болду.

АЛГАЧКЫ ТУРИСТТЕР
Космостук туризм 2001-жылы улуту итальян болгон америкалык ишкер Деннис Титонун учушунан башталган. Тито космосто 28-апрелден 6-майга чейин болгон.
Экинчи турист Түштүк Африканын жараны Марк Шаттлворт. 2002-жылы 25 апрелде учуп, 10 күндөн кийин кайткан.
2005-жылы 1-октябрда ЭКСга америкалык ишкер Грегори Олсен барып, 10 октябрда Жер планетасына келип конгон. Алгач ал медициналык көзөмөлдөн өтпөй калган, бирок, кийинчерээк доктурлардын уруксаты менен баарыбир кыялын орундаткан.
2006-жылдын 18-сентябрында иран улутундагы Американын жараны 40 жашар Ануше Ансари космоско барган биринчи турист аял болуп калды.
Өткөн жылдын 7-апрелинде кезектеги космостук турист, америкалык миллиардер Чарльз Симон космоско учуп, жөн гана Жер планетасын сырттан көрүп койбостон, радиация жана салмаксыздыктын канга таасири жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзө келген.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында NASAнын астронавты Оуэн Гарриоттун уулу Ричард Гарриот учканы жатат.

КОСМОСТУК ТУРИЗМ ЖЕКЕ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНАБЫ?
2005-жылы “Роскосмос” жана “Space Adventures” коммерциялык долбоор түзүшкөн. Долбоор профессионал эмес космонавттарды тейлей турган инвесторлорду издеген. Учурда орусиялык “Энергия” космостук кемеси туристтерди Айды айлантып келүүнү пландап жатат.
Мындан сырткары, өздүк ракетаны учурууга аракет кылып келаткан жеке долбоорлор бар. Мисалы, Айга, Марска туристтик сапарларды уюштурууну пландап жаткан америкалык “SpaceShipOne” (“Космос кемеси бир”), израилдик «Gallactic dream lines» (“Галлактика кыялдары аба жолдору”) жеке компаниялары салыштырмалуу аз акча үчүн эмитен билеттерин сатып жатышат.
2020-жылдарда космостук туризм кадимки көрүнүшкө айланаары анык. Эсептерге таянсак, 15 жылдан кийин Жер планетасын орбитадан кароого мүмкүнчүлүк алган туристтердин саны 14 миңге жетет. Азыртан билет сатып алгандардын саны 200 адамды түзсө, дагы 70 миң киши кезекте турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан