Эне бактысына ээ болуп балкыган Айя Садырова уулу Искандерге жентек той берип, жолдошу экөө элден бата алышканынан кабарыңыз болсо керек. Айя бала менен үйдө отуруп албастан, “Сеньорита” жана “Махабат” аттуу ырларына клип тарттырып жаткан кези. Кичинекей Искандер апасына аябай дем берген окшойт. Себеби бир ырчы жылына бир клип араң тарттырса, Айя ар айда бирден клип тарта баштады... Тарттырып жаткан клиптерин өзгөчөлүү деген сыяктуу айтууда. Эми аны клип экранга чыкканда көрө жатарбыз.