Айдин Шерди ырчы катары билсек, жакынкы күндөрдө актёр деп таанып калат окшойбуз. Себеби Айдин режиссёр Жаныш Кулманбетовдун “Жараланган турна” аттуу тасмасында башкы ролду ойноодо. Тасмада Айдиндин ашыгын башка бирөө ала качып кетет. Сүйгөнүн алдырып жиберип, артынан барып бир топ эле убара тартат. Ошентип, “сүйүү мага келе элек” деп ырдап жүргөн жигитибиз кинодо сүйүү отуна күйөт экен. Эмне демекчибиз, тасмада махабаттан жараланган турна болсоң да, чыныгы турмушта махабатыңа жет, Шер Айдин!