Ди-джей, алпаруучу болуп телерадио айдыңында жүргөн Алтын Мырза үйлөнүп, келинчеги Нургүлгө камкор күйөө болууда. Үйлөнгөн соң бир топко теледен да, радиодон да чыкпай калган Алтын эми ЭлТРдин “Кутман таң” программасын алпарат. Жана да “Кыргызстан Обондорунда” кесиптеши Чыңгыз Мырзаев менен “Тентек микрофонду” алпарарын айтып өттү. Мындан сырткары ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Бекчоро, Азиз Жетигеновдорго менеджерлик кылып, алар менен тыгыз иштешүүгө киришиптир.