ОШТОГУ ЫРЧЫЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Легендарлуу “Кыз-Бурактын”, Ош филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага жана ырчы Темир Назаровго байланышка чыгып, түштүктөгү акыбалды сурадык. Эже Оштогу окуяны айтып каңырыгы түтөп: "Ош коогалаңы опурталдуу болду. Эки улуттун ортосуна чагым салгандар ким экенин билбейм. Бирок филармонияда иштеген айрым кыргыз кызматкерлер өзбек айылдарында жашагандыктан, аларга барымтадагы өзбектерди берип, кыргыз кызматкерлерди алып чыгууга аргасыз болдук. 7 күндөн бери шаардыктар ачкачылыктан арылуунун айласында. Бардыгы сыртка чыкпай коркуп отурушат",- деп билдирди.
Ал эми Темир Назаров: “Мен Оштун борборунда жашагандыктан, эмне болгонун өз көзүм менен көрдүм. Баарынан да менин көзүмчө бир кыргыз жигитти атып салышканда, кадимкидей каным кызыды. Мунун баарын көрүп туруп чыдай албайт экенсиң. 3000дей кыргыз чогулуп, колубузда курал деле жок, айры, орок, балта алып, кадимкидей салгылаштык. Нааразы болгонум, "гуманитардык жардам жөнөтүлүп жатат" деп эле жатышат. Бирок 3-4 күн болду, бирөө да бизге келип абалыбызды сурап койгон жок. Жардам деп берип жаткан нерселеринин баары сатылып жатат”,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан