14-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк донор күнүндө “Тумар” радиосу уюштурган “Кан тапшырып, адам өмүрүн сакта” аттуу акция болуп өттү. Республикалык кан борборуна барышкан Айжан Газиева, Алихан, Даниель, Азамат Эркинбаев, Жанара Атабекова, “Адэа” тобунун кыздары ар кандай себептерден улам кан бере албай калышты. Алардын арасынан Максат Бегалиев менен ди-джей Элиза Кененбаева гана кан тапшырып, кайрымдуулугун көрсөтүштү.
Ал эми түштүккө гуманитардык жардам көрсөтүүгө ниети бар жарандарды "Тумар" радиосу кеңсесине чакырат. Дареги – Жантөшев көчөсү-70. Карл Маркс көчөсү менен кесилишет.