АТАКТУУЛАРДАН ТҮШТҮК ЭЛИНЕ ЖАРДАМ

Ош жана Жалал-Абаддагы окуядан жабыр тарткандарга чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү да жардам көрсөтүүгө киришишти. Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов, Арстанбек Абдымановдор Ошко жөнөп кетишти. Алар атайын учак менен барып, өз колдору менен гуманитардык жардамды тапшырышмакчы. Чогулган акча азыр жүз миңге жетти. Дагы кошулушу мүмкүн.
"Бизге элдин тынчтыгы, бейпилдиги, ынтымагы керек. Элибиз тынч-аман болсо гана биз алар үчүн ырдайбыз. Андыктан колубуздан келген жардамды бергенге аракет кылабыз. Негизги жардамды Куурчак театры, филармонияга жана музыкалык окуу жайлардын кызматкерлерине, үй-бүлөлөрүнө жөнөтөбүз",- дешет белгилүүлөр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан