НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА ТУУЛГАН КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Чырайлуу алпаруучу Нурзат Токтосунова 2-июль күнү туулган күнүн белгиледи. Борбордогу бир кафеде өткөн Нурзаттын жеке майрамына анын достору, чыгармачыл чөйрөдөгү тааныштары келишти.
Съездбек, Замир, Урмат, Неля, Акбар, Мирбек, Чыңгыз өңдүү достору, Жамиля Муратова эжекеси Нурзатка “толуп баратасың” деп тамашалай белекке тараза беришсе, бири идишке өстүрүлгөн гүл, дагы бири Куран китеп, жайнамаз, теспе сыяктуу буюмдарды белек кылып, куттукташты. Апакай кийинип ак куу сымал буралган Көлдүн кызы досторунан келген белек-бечкектерге бөлөнүп, өзгөчө торту менен мактоого арзыды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akiykat
2010-07-16 14:31:04
Нурзатка сага только так ийгилик!!!!
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан