Ильяз Абдыразаков мындан жарым ай мурун Орусияга гастролдоп барып келген. Келери менен катуу ооруп калды. Көрсө, ашказанында пайда болгон жара ырчыны кыйнап жатыптыр. Эч нерсеге көңүлү жок, шалдырап жатып калган Ильяз ооруканага жатпастан, учурда үйүндө дарыланууда. Дарылоо курсу аягына чыкса, ырчы продюсери Баяке менен Ат-Башынын жайлоосуна чыгып, бээнин сүтүн ичип келгени турат.