Назира Жетигенова Орусияда гастролдоп жүрүп ооруп калып, дарыланып чыкты. “Бөйрөгүм ооруган го деп дары иче берипмин, көрсө, бөйрөк эмес эле нервдерге суук тийиптир. Сакайып чыгып, эми Тата Назира болоюн деп жатам”,- дейт. Тагыраагы, Рахман Разыковдун калемине таандык “Төрөлбөй калган арман” деген ырды рэп түрүндө ырдап чыгарын билдирди. Ошентип, Назиранын нерви азыр ыр жаздырууга короп, кайра чыңалып туру.