Өткөн саныбызда ырчы Эрлан Андашев продюсери Айбек Акматовдун бир айдан бери жок экенин айткан эле. Ошол дайынсыз кеткен Айбектин өзү келип: “Жоголбой эле бармын. Ысык-Көлгө эс алууга кеткем. Анын үстүнө телефонумду жоготуп алып байланыша албадым. Сыягы, Эрлан ошондон санааркап, сиздерге билдирген окшойт”,- дейт.
Канткен күндө да Айбектин “табылганына” сүйүндүк. Бирок Эрландын мындай жоругуна таң калдык. Анткени "ата-энеси да дайынын билбей жатат" деп чочуткан эле. Же ушундай жол менен өзүн "пиар" кылгысы келдиби?