ГҮЛЖИГИТ КАНАТ КУЛТАЕВДИН 5-«УУЛУ»

Көп жаш таланттарды таптап, сахнага чыгарып жүргөн продюсер Канат Култаев дагы бир “уулдуу” болду. Тактап айтканда, Мирбек Атабеков, Темир Назаров, Алихан, Даниелдин катарын дагы бир ырчы жигит Гүлжигит Калыков толуктады. Ошентип, Култаевдин командасы кеңейди. Жаңы чыгып келаткан ырчы Гүлжигит продюсери Канат Култаев менен 3 жылдык келишимде иштешет. Жигиттин гүлү “Күттүм сени” аттуу алгачкы ырына клип тарттырууда. Бул ырды биздин сайттын медиа-порталынан уга аласыздар. Эмесе, ага-инидей болуп иштешип баштаган Гүлжигит менен Канатка ийгилик каалайбыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ceed
2010-07-25 13:47:55
Кыздуу да болсо болмок, Канат байке! Эртен булардын баарын уйлоп коюшу да бар! :))
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан