Көпчүлүк хит ырлардын автору, өзү да ырдап калган Алтынбек Алымов акыры бойдокчулук менен кош айтышты. 35 жашка чыккан Алтыке сүйүүсүн Жумгалдан жолуктуруптур. Ошентип, өзү ырдагандай, койкойгон ак кушу Алтынбекти коюнуна чакырды. Кереметтүү Көлдүн жигити жайлуу төр Жумгалдын Мээрим аттуу кызын 8-июль күнү кыргыз салты менен алып кетти. Азыр эки жаш көл жээктей махабаттын таттуу кучагында.
Үй-бүлө куруп, дагы бир кичинекей мамлекет пайда кылдыңар. Ошол мамлекеттин пайдубалы бекем болсун! Үйдүн ичи балага, бакытка, кубанычка толсун!